«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайы
Криштиану Роналду келерки дүйнө чемпионатына катышууну көздөөдө
21.12.2022 | 17:55
Португалиянын футбол курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катышышы мүмкүн. Бул тууралуу испаниялык Marca басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Роналду АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган дүйнө биринчилигине катышууга ниеттенүүдө.
Учурда спортчу Катардагы чемпионаттан кийин Рождествону утурлай Дубайда эс алууну пландоодо.
2026-жылы Криштиану Роналду 41 жашта болот.
Эскерте кетсек, Катарда өткөн дүйнө чемпионатында Португалия чейрек финалга чейин жеткен. Жарым финалга чыга турган оюнда алар Марокконун курамасына 0:1 эсебинде жеңилип калган.
Катардагы дүйнө чемпионатында Аргентинанын курамасы үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду.
Катар: Дүйнө чемпиону жана бардык командалар канча акча алышат?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз