Айтматов району, Ормон хан айыл аймагы. ЖК мыйзам долбоорун карады

Айтматов району, Ормон хан айыл аймагы. ЖК мыйзам долбоорун карады

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Аталган мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Аны депутаттардын алдында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев тааныштырды.

Анын айтымында, Нарында Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы деп атоо сунушталууда. Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач деп атоо демилгеленген.

Андан тышкары, мыйзам долбоору колдоо тапса, Талас облусунун Кара-Буура району Айтматов району, Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Чолпонбай деп өзгөртүлөт.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, ал 20203-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери, районду, айыл аймакты жана айылдарды кайра атоого 8 млн 75 миң сом чыгымдалары кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>