Собянин мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолуктуБишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдөБишкекте мас айдоочу мушташып, андан соң элди бычак менен коркуттуБакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна бардыЫсык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда
Шыкмаматов менен бирге “Ата Мекендин” тизмесинен 4 талапкер чыгарылды
27.12.2019 | 11:58
Алмамбет Шыкмаматов менен бирге “Ата Мекен” партиясы менен депутаттыкка талапкер болгон Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер партиянын тизмесинен чыгарылды.
Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Алмамбет Шыкмаматовдун партиянын катарынын чыгышына Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы себеп болгон. Ал эми партиянын калган төрт мүчөсүнүн эмне себептен кетип жатканы азырынча белгисиз.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат