Кочкор-Атада аялдамадан желим баштыкка салынган наристенин жансыз денеси табылды – фото

Кочкор-Атада аялдамадан желим баштыкка салынган наристенин жансыз денеси табылды – фото

Бүгүн, 26-декабрда Кочкор-Ата шаарындагы аялдамалардын биринде жаңы төрөлгөн наристенин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу «Osh portal» өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматты укук коргоо органдарынан тастыкташты. Наристени болжол менен саат 17:00 чамасында табышкан. Аны баштыкка ороп аялдамага таштап кетишкен. Күбөлөр аны көрөөрү менен дароо милицияга кабар беришкен.

Учурда окуя боюнча Ноокен райондук милициясы тарабынан текшерүү жана иликтөө иштери башталып, баланын энеси изделүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>