Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Бажы кызматы былтыркы планды ашыгы менен аткарганын билдирди
12.01.2023 | 14:40
Кыргызстанда былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 74,3 млрд сом бажы төлөм чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Анын айтымында, план 0,8%га же 604,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ошол эле учурда былтыр чогулган бажы жыйымдары 2021-жылга караганда 27,4 млрд сомго көп (2021-жылы 46,9 млрд сом).
Эскерте кетсек, былтыр баштапкы план боюнча Бажы кызматы 98,5 млрд сом чогултушу керек болчу. Бирок белгиленген план өтө көп болгондуктан жана бир катар сырткы таасирден улам ал планды аткарууга мүмкүн болбогону айтылган. Ага байланыштуу жыйымдар боюнча план 25 млрд сомго азайтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика