Ишкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлдуКыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталуудаКыргызстан Түркиянын TİKA уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөтКРВИ жана эмдөө: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу Мамэпидкөзөмөл департаментинен айтып бериштиОштогу бажылык тариздөө жайынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылдыАйтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды
Бажы кызматы былтыркы планды ашыгы менен аткарганын билдирди
12.01.2023 | 14:40
Кыргызстанда былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 74,3 млрд сом бажы төлөм чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Анын айтымында, план 0,8%га же 604,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ошол эле учурда былтыр чогулган бажы жыйымдары 2021-жылга караганда 27,4 млрд сомго көп (2021-жылы 46,9 млрд сом).
Эскерте кетсек, былтыр баштапкы план боюнча Бажы кызматы 98,5 млрд сом чогултушу керек болчу. Бирок белгиленген план өтө көп болгондуктан жана бир катар сырткы таасирден улам ал планды аткарууга мүмкүн болбогону айтылган. Ага байланыштуу жыйымдар боюнча план 25 млрд сомго азайтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика