Өкмөт жарандарга татыктуу карылыкты камсыз кылуу аракетинде

Өкмөт жарандарга татыктуу карылыкты камсыз кылуу аракетинде

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги татыктуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырууда. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргызстандагы калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) жаңы башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан улгайган адамдардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурулууда.

“Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында бардык жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган программалар ишке ашырылууда, мында адамга багыт алуу жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын «эч кимди артта калтырбоо»негизги милдеттенмесине басым жасалууда”, — деди министр.

Ал белгилегендей, 2025-жылга чейин Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылууда.

“Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн жыл сайын пенсиялардын өлчөмү индексацияланат, тилектештик пенсиясынан тышкары, жарандардын пенсиялык топтоо фондуна акча салууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатылууда, улгайган жарандардын социалдык стационардык мекемелерде болуусунун жана үйүндө багуусунун шарттары жакшыртылууда”, — деди ал.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо мамлекеттин башкы көзөмөлүндө болуп, жыл сайын аялдардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналган Улуттук аялдар форуму уюштурулуп турат.

“Өткөн жылдын апрель айында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын үлүшү 10% дан 39% га чейин өстү. Акыркы Жогорку Кеңешке шайлоодо ар бир үчүнчү депутат аял жаңы гендердик квота менен өттү», — деди министр.

Өз кезегинде Бактыбек Кайназаров анын алкагында ЮНФПА өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бардык багытар боюнча кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>