Соттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алыштыНоокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлердин курулатИри түркиялык ишканалар «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыкдарЖапаров Борбор Азияны терроризмге каршы биригүүгө чакырдыКыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилдиБолотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду
Депутат өкмөттү электр жарыгын өчүрүү графигин жарыялоого үндөдү
18.01.2023 | 11:05
Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча маселе көтөрдү.
Ал республиканын аймагында электр жарыгын өчүрүүлөр болуп жатканын айтып, Министрлер кабинетин электр жарыгын өчүрүү графигин жарыялоого чакырды.
«Мен түшүнүп жатам, жабдыктар эски, энергетикалык кризис болуп жатат. Бирок, жарандарга электр энергиясын өчүрүү графигин айтып коюш керек. Эл ошого жараша даярданмак», – деди эл өкүлү.
Дастан Бекешев электр энергиясынан улам борбордо түтүндүн деңгээли жогорулаганын белгиледи.
«Электр жарыгынын жоктугунан эл ар кандай жол менен үйлөрүн жылытууга аргасыз болуп жатат, мындан улам аба булганууда», – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом