Баткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалдыЖанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалдыМуниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакырылганын айттыБыйыл дыйкандар кант кызылчасын заводго онлайн кезек менен тапшыруудаПеруда жаштар нараазычылык акцияларына чыгып, өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганы туратЦарикаев прокуратурага чакырылды
Ысык-Көлдө тоо теке аткан кишиге 100 миң сом айып салынды
18.01.2023 | 20:01
Ак-Суу районунда жапайы тоо текени аткан жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, атайын рейддик иш-чаралардын алкагында, Ак-Суу районунун Түргөн капчыгайынан Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн келе жаткан Ак-Суу районунун тургуну А.А.Тга тиешелүү «Ленд крузер» үлгүсүндөгү авто унааны токтотуп, кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон бир даана жапайы тоо текеси табылып, жеринде 100 миң сомдук айып пулга акт түзүлгѳн.
Чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Ак-Суу РИИБине өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар