Бакиевдин аялынын сөөгүн Бишкекке киргизбей койдубу? Жооп

Бакиевдин аялынын сөөгүн Бишкекке киргизбей койдубу? Жооп

Социалдык тармакта “Самолет менен Минсктен келеткан Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен.

«Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз«-деди Султанбаев.

Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 47 жашында Минск шаарында каза болгон. Анын сөөгү кичи мекени Тогуз-Торо районунда жерге берилет. Маалыматка караганда, ал оорудан көз жумду.

Назгүл Төлөмүшова Курманбек Бакиевдин экинчи никедеги аялы. Ал 2010-жылы экс-президент менен Беларуссияга качып кеткен. Экөөнүн бир уул, бир кызы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>