Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңиштиКыргызстан эл аралык каржы институттарынан 959 млн долларга чейин каражат тартууну пландаштырууда
Бүгүн «Эрмен жыты» тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт
19.01.2023 | 09:21
Режиссер Айбек Дайырбековдун «Эрмен жыты» тасмасы бүгүн, 19-январдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Кечээ, 18-январда “Манас” кинотеатрында аталган тасманын Кыргызстандагы бет ачары болуп өттү. Ал эми дүйнөлүк бет ачары былтыр 5-14-октябрда Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн кинофестивалдын алкагында болгон.
«Эрмен жыты» тасмасы Кинематография департаментинин, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен Central Asia Film студиясы тарабынан тартылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз