Кыргызстанда муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды, — министрлик

Кыргызстанда муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды, — министрлик

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын башына карата «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 5,7%га азайды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганга, муктаж үй-бүлөлөрдүн азайышына аз камсыз болгон калкты колдоо боюнча активдүү чаралар, биринчи кезекте президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында электр энергиясына тарифтин төмөндөшү өбөлгө болгон.

2022-жылдын 1-январынан тарта “Үй-бүлөгө көмөе” жөлөк пулун алуучулар үчүн тариф айына 700 кВт саатка чейин керектөө менен 1 кВт/саат үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө белгиленген.

Учурда 339,1 миң бала «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алат. Бул республикада жашаган 2,4 миллион баланын 13,9 процентин түзөт. Региондор боюнча алганда, бенефициарлардын бир аз өсүшү Баткен (0,7%) жана Ош (0,6%) облустарында катталган.

Аталган башкармалык өткөн жылы «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун орточо өлчөмү 52,2%га өсүп, ар бир бала үчүн 1316 сомду түзгөнүн эске салат.  Өткөн жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу үчүн 4 903,3 млн сом төлөнгөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>