Өкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекиттиБишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталдыМыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыратты
Дайынсыз жоголгон жаран киши колдуу болгон. Окуянын чоо-жайы
23.01.2023 | 18:01
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 23-январда Аламүдүн айылында Чоң Чүй каналында киши колдуу болгон, колу-буту байланган адамдын сөөгү табылган.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал былтыр 19-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы А.К. аттуу жаран болуп чыккан.
Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы У.Ш. жана 31 жаштагы Д.К. аттуу жарандарды кармаган.
“Алар 19-декабрда А.К.ны сабап, колу-бутун байлап каналдагы сууга ыргытып салганын мойнуна алышты”, – деп билдиришти милициядан.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз