Майлуу-Суу шаарында №3 отказан ишке киргизилди

Майлуу-Суу шаарында №3 отказан ишке киргизилди

Майлуу-Суу шаарында №3 отказан ишке киргизилди, бирок таза суу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, казандын ишин жандантуу үчүн Майлуу-Суу дарыясына 500 метр узундуктагы желим түтүктү тартып, жерине суу соргуч орнотулду. Муну менен №3 отказанга тиешелүү 375 абонентке жылуулук берүү мүмкүн болду. Учурда жылуулук турак жайларга келе баштады.

Учурда Майлуу-Суудагы кырдаалдын кесепетин жоюу максатында №1 отказанда 1234 абоненттин ичинен 1136 абенентке жылуу суу берилди. №4 отказан боюнча 198 абонентке толугу менен берилди. Ал эми №3 отказанда 376 абонент болсо, анын 88ине жылуу суу берилди. Таза суу боюнча суу алуучу негизги жерден (Водозабор) шаарга чейин 15 чакырым болсо, учурда таза суу 10-чакырымга келди”,- деди ӨКМдин Жалал Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров.

Эске салсак, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Тоңуп калган түтүктөрдү дөңгөлөктөрдү жагып эритип жатканы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Майлы-Суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>