Жапаров Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров менен Беларустун президенти Александр Лукашенко бүгүн, 23-январда, телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты.

Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат.

Садыр Жапаров кыргыз жана белорус элдеринин достук байланыштары кылымдар бою сыналып, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Тараптар аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-белорус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>