12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Өзгөндө жаңы бала бакча ачылды
24.01.2023 | 10:45
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында 75 орундуу “Саадат Эне” бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анын ачылыш аземине облус башчысы Зиядин Жамалдинов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда.
Курулуштун баасы 30 млн сомду түзгөн. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом