Кызамыктын кандай оор кесепеттери бар? Жооп

Кызамыктын кандай оор кесепеттери бар? Жооп

Кызамыкты ооруга чалдыккан бейтап менен кыска мөөнөт байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат. Бул тууралуу Дене соолукту чыңдоо борборунан билдиршти.

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн: кулактын (отит), мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгениши, өпкөнүн сезгениши (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцефалит) пайда болуп, мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына алып келет.

Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна жана сокур болуп калуусуна, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле өлүм менен аяктаган учурлар дагы кездешет.

Кызамыктан кантип сактануу керек?

Кызамыкты алдын алуунун ишенимдүү жолу — эмдөө болуп саналат.

Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын (кызылчага, эпидемиялык тепкиге жана кызамыкка каршы) төмөнкү куракта алууга тийиш:

  1. 12 айында
  2. 6 жашында.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 23-январга карата 4 кызамык (алардын бири Түркиядан алынып келинген) жана 2 кызылча оорусу катталган. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>