Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Баңги кылмышына шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды
30.01.2023 | 10:44
Баңги кылмышына шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын ноябрь айында Баткен районунун аймагында М аттуу жаран 2 кг нашаа баңгизатын “жасалма сатып алуучуга” саткан. Бирок, баңгизат саткан жаранды кармап, тергөөгө жеткирүү мүмкүн болгон эмес. Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Баткен облусунун 43 жаштагы К.А. аттуу тургуну болуп чыккан. Биринчи май райондук сотунун токтому менен К.А. издөөгө алынган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн К.А. Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.
Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз