Депутаттын уулу дзюдо боюнча өлкө чемпионатына катышууда

Депутаттын уулу дзюдо боюнча өлкө чемпионатына катышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировдун уулу Асад Масабиров дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышууда. Бул тууралуу эл өкүлү Эмил Жамгырчиев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

“Келечек жаштардыкы. Кесиптешим Таалайбек Масабировдун уулу Асад Масабиров дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда ат салышууда. Кыргыздын кыраан жигитине ийгилик каалайбыз! Өркүнүң өсүп, Олимпиада оюндарында кыргыздын желегин желбиреткен уулдардан бол!”, — деп жазды депутат.

Асад Масабиров дзюдо боюнча бир катар мелдештерде ийгиликтерди жаратып келет. Ал Япониядагы Кокушикан университетинде билим алган.

Белгилей кетсек, Таалай Масабиров 2010-2012-жылдары дзюдо боюнча Канада жана Нидерландияда өткөн ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү болгон.

Бишкекте 28-январда эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталган.

Чемпионаттын биринчи күнүндө кыз-келиндер арасында 48, 57 жана 70 кг салмак категорияларында, эркектер арасында 60, 73, 90 жана 100 кг жогоркулар арасында беттештер өтүп, жеңүүчүлөр аныкталган.  

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>