Чоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылдыКыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясы
Кыргызстанда СOVID-19 илдети менен жети киши ооруп жатат
06.02.2023 | 21:03
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, 30-январдан 5-февралга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 7 учуру катталды. Катталган 7 учурдун бешөө ооруканага жаткырылып дарыланууда.
2023-жылдын 30-январынан 5-февралына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан биден аз.
2022-жылга жана 2023-жылдын 30 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 851 учуру катталды, анын ичинен 19 840 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом