Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Маданият министринин эки орун басары алмашты
06.02.2023 | 21:13
Союзбек Надырбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү буйругу менен Марат Тагаев менен Айнура Аскарова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты.
Аларды министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат