Зилзала: Кыргызстан куткаруучуларын Түркияга жөнөттү

Зилзала: Кыргызстан куткаруучуларын Түркияга жөнөттү

Кыргызстан куткаруучуларын Түркияга жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, доктур, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөт. Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөө 900дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. Дагы 5000дей кишинин жабыркаганы айтылды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул 1939-жылдан берки каргашалуу зилзала экенин белгилеп, кырсыктын кесепетин жоюу иштери башталганын билдирген. Жер титирөө Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган. Ал Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жайгашкан. Жер жарым саат аралыгында Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада да силкинген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Түркияда уранды алдында калган 7 жашар бала куткарылды (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>