УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт
Мыйзамсыз ташылып келген 3 миллион сомдук тамеки кармалды
24.06.2019 | 13:02
Аткезчилик жол менен ташылып келген 3 миллион сомдук тамеки продукциялары кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
23-июнь күнү “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жерден тийиштүү эч кандай документтери жок 59 миң 500 кутуча тамекини жүктөп бараткан унаа кармалган. Салык кызматынын эсеби менен товардын жалпы суммасы 3 миллион сомдук деп бааланган.
Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар