Кыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болду

16.04.2026 | 13:29

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы Эльнура Муктарбек VIII эл аралык Bravo International Music Awards сыйлыгынын алкагында “Өнөктөш өлкөнүн классикалык аткаруучусу” номинациясы боюнча сыйланды.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, сыйлоо аземи 14-апрелде Москвадагы Чоң театрдын тарыхый сахнасында өттү.

«Иш-чара классикалык музыка тармагындагы 11 өлкөнүн өкүлдөрүн бириктирип, маданий кызматташуунун жана чыгармачылык алмашуунун жаркын көрүнүшү болуп калды. Сыйлык тапшыруу аземи жогорку деңгээлдеги концерттик программа менен коштолуп, анда дүйнөлүк классикалык чыгармалар жана улуттук музыкалар жаңырып турду», — деп айтылат маалыматта.

Быйыл сыйлыктар 22 номинация боюнча ыйгарылып, опера ырчылары, музыканттар жана театр жамааттары лауреат болушту.

Башкы сыйлыктардын ээлеринин катарында — Аида Гарифуллина, Ильдар Абдразаков жана Диляра Идрисова бар. Лауреаттардын тизмесине Кыргызстандын өкүлү да кирди.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Россиянын президенти Владимир Путин катышуучуларга жана конокторго куттуктоосун жолдогон.

«Сиздердин жаркын, таасирдүү долбооруңуздар искусствону баалагандардын жана сүйүүчүлөрүнүн өзгөчө көңүл буруусуна укуктуу түрдө татыктуу болуп, аларга дүйнөгө таанымал жылдыздар жана жаш, таланттуу артисттер менен жолугушуу кубанычын кең пейилдик менен тартуулоодо. Россиядан жана көптөгөн чет мамлекеттерден келген катышуучулардын башын бириктирүү менен, BRaVo сыйлыгы эл аралык гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жеке жана адамдык байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат», — деп айтылат РФ башчысынын куттуктоосунда.

Scroll to Top