Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Астана – Бишкек – Астана аба каттамдары кайрадан жанданат
14.02.2023 | 19:08
Казакстандын арзан баада кызмат көрсөткөн “FlyArystan” авиакомпаниясы Астана менен Бишкектин түз каттамдарын кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар ушул жылдын 2-майында ыңгайлуу “Airbus A320” учактары менен жумасына эки жолу, шейшемби жана ишемби күндөрү жасалат. Борбор шаарлардын ортосундагы аралык 954 километрди түзөт, аны 1 саат 45 мүнөттө учуп өтүүгө болот.
Астанадан Бишкекке аба каттамдарды былтыр 23-июнда ачып, бирок кийин белгисиз себептерден улам токтоткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом