Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Астана – Бишкек – Астана аба каттамдары кайрадан жанданат
14.02.2023 | 19:08
Казакстандын арзан баада кызмат көрсөткөн “FlyArystan” авиакомпаниясы Астана менен Бишкектин түз каттамдарын кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар ушул жылдын 2-майында ыңгайлуу “Airbus A320” учактары менен жумасына эки жолу, шейшемби жана ишемби күндөрү жасалат. Борбор шаарлардын ортосундагы аралык 954 километрди түзөт, аны 1 саат 45 мүнөттө учуп өтүүгө болот.
Астанадан Бишкекке аба каттамдарды былтыр 23-июнда ачып, бирок кийин белгисиз себептерден улам токтоткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом