Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылды. Жогорку соттун чечимине ылайык, иш Биринчи май райондук сотуна кайра каралат.

Ошол эле учурда, Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берди. Мындай чечим 14-февралда кабыл алынды. Ага ылайык Атамбаев абактан чыкты.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш 2019-жылы Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын себептеринин бири болгон.

Экс-президент макамынан ажырагандан кийин ИИМ Атамбаевди бир нече ирет суракка чакырган. Бирок ал суракка келбегендиктен, аны кармоо боюнча 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта атайын операция уюштурулган. Натыйжада Атамбаев кармалып, Кой-Таштагы окуя боюнча ага иш ачылган. Учурда ал сотто каралууда.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>