Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Акылбек Жапаров өзбекстандык кесиптеши менен сүйлөштү
17.02.2023 | 08:30
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Президентинин администрациясынын жетекчисин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толушу менен куттуктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом