2040-жылы Кыргызстан калкынын саны 9 миллионго жетиши мүмкүн

2040-жылы Кыргызстан калкынын саны 9 миллионго жетиши мүмкүн

“Өзүңүздөр жакшы билесиздер демографиялык өсүш болууда. Статисттердин айтымында, 2040-жылы Кыргызстан калкынын саны 9 миллионго жетиши мүмкүн. Адам саны көбөйгөндө, аларды иш менен камсыздоо зарылдыгы жаралат. Жылына 150 миң жаңы жумуш орундары менен камсыздообуз зарыл. Ал үчүн экономикабызда өсүш болуп туруусу керек. Айрыкча Экономика жана коммерция министрлигинин иши Кыргызстан экономикасына таасир этет”, — деп билдирди министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында.

Министрлик ишинин 2022-жылдагы жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландары талкууланган жыйында Кыргызстандын макроэкономикасындагы көрсөткүчтөр айтылды.

2022-жылы ИДПнын өсүшү 7%ды түзгөн, бул кошуна өлкөлөрдөгү жана ЕАЭБдеги алдыңкы көрсөткүч. Анда айыл чарба 7,3%, өнөр жай 12,2%, курулуш 8,0%, кызмат көрсөтүү 4,8%. Бюджеттик саясатта негизги басым социалдык тармакка басым жасалат.

2022-жылы 203 млрд сом салыктык кирешелер түшсө, анын 150 млрд сомун эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарга жумшалган. 2023-жылы 192 млрд сом жумшалаары күтүлүүдө.

Бакыт Төрөбаев, салык төлөөчүлөр кайсы бир салыкчынын чөнтөгүнө эмес, мамлекетке мыйзамдуу отчёт бере баштаганын кошумчалады.

“Салык системасында 503 миңден ашуун салык төлөөчү катталган, анын ичинен буга чейин дайыма туруктуу отчет берип турганы – 15-20 миң болсо, азыр отчёт берип баштаганы 305 миңден ашты”, — деди ал.

Ошондой эле, аймактарды динамикалуу өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы экенин кошумчалаган Бакыт Төрөбаев, аймактарда ири өнөр жай өндүрүш зоналарын түзүү, өнөр жайды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу зарылдыгын айтты. Ошол себептүү, министрден бул багытта иш алып барууну күчөтүүнү, бизнес менен биргеликте тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырам деп билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>