Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго көңүл айтты

17.02.2023 | 11:31

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кар көчкүдөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«2023-жылдын 15-февралында Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, 15-февралда Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда кар көчкү жүрүп, 25 адам каза болгону кабарланган. Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында этникалык кыргыздар бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top