Ашказанына баңгизат жашырып келаткан жаран кармалды (видео)

Ашказанына баңгизат жашырып келаткан жаран кармалды (видео)

Ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Германиядан Кыргызстанга Түркия аркылуу транзит менен кокаин баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча узакка созулган атайын операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Алсак, милиция кызматкерлери Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизаттарды жеткирүү каналын жөнгө салууга аракет кылып жаткан белгисиз адамдар боюнча маалыматы текшеришкен. Бул маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматында катталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 2023-жылдын 10-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен жаран 1986-жылы туулган Т.В. кармалган.

Кармалган жаран Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизатты аткезчилик алып келген. Жогорудагы факты боюнча буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы баңгизаттарды аткезчилик жолдор менен ташуу тууралуу маалыматка ээ болгон.

Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин баңгизаты экендиги аныкталган.

Жаран Т.В. Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган.

Баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы башка укук коргоо органдары менен биргеликте жүк ташуучу авиакаттамдарга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, Кыргызстанга баңгизаттарды жеткирүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>