УКМК прокуратуранын мурдагы кызматкерин кармады — видео

УКМК прокуратуранын мурдагы кызматкерин кармады — видео

Жалал-Абад облусунда пара талап кылууга жана алдамчылыкка шектелип прокуратура органынын Т.Т. аттуу мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 16-февралда кармалган.

«Кармалган жаран, мурда прокуратурада иштегенине таянып, ошондой эле президент, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жургүзүп, жок мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.  Атай айтсак, ал Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң  доллар пара алуу фактысы такталды», — деп билдирет УКМК.

Ошондой эле, УКМКдан белгилешкендей, шектүү алдамчылык жол менен кээ бир жарандарды 150 миң сом насыя алууга мажбурлап, кымбат чөнтөк телефонун сатып алдырып, кийинчерээк аны өзү тартып алып жүргөн. Андан тышкары, ал бир нече ирет алдамчылык жолу менен айдоочулук күбөлүк алып берем деп убадалап, жарандардан көп суммадагы акча алган. Анткени, кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда «Унаа»  мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусундагы аймактык бөлүмүнүн бөлүм башчы кызматын ээлеп турат.

Азыркы учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК шектүү кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>