Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков генерал-майор наамын алды

21.02.2023 | 15:06

Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык, генерал-майор наамын алгандар:

— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидинович ;

— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштанович (ИИМ Академиясынын башчысы);

— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатарович (Бажы кызматынын төрагасы).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top