Ошто милиция менен Генералдар клубунун мүчөлөрү жолугушту

Ошто милиция менен Генералдар клубунун мүчөлөрү жолугушту

ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү, 20-февраль күнү, Ош облусунун ички иштер башкармалыгында өздүк курам менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жолугушууга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү, милициянын отставкадагы генерал-майорлору Рашид Тагаев, Абдукапар Мавлянов, Расулберди Раимбердиев катышып, өздүк курамга ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик дэңгээлин жана руханий-адеп-ахлактык сапатын жогорулатууга, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган насааттарын айтышкан. Ошондой эле, иш-чарага Ош ОИИБнин өздүк курамы жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ардагерлер кеңештеринин төрагалары катышкан.

Баарлашуу учурунда Дубанаев, милиция кызматкерлери аларга жүктөлгөн милдеттерди так аткарса, элдин ишеничин актаган болорун айтып өткөн.

«Биз ардактуу эс алууда болсок да, кесиптештерибиздин ийгилигине кубанабыз, ал эми сын пикирлер айтылса сарсанаа болобуз. Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдамалары  жарандарга сервисттик тейлөө көрсөтүшүп, арыз-даттанууларды жеринде кабыл алышып жатышат. Санариптештирүүнүн алкагында коомдук жайларга жана көчөлөргө видеокамералар орнотулду. «Бирдиктүү терезе» режиминдеги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору  иштеп жатат. Ар бирибиз адеп-ахлагыбыз менен үлгү болуп, жүктөлгөн милдеттерди так аткарсак, элибиздин ишеничин актаган болобуз» — деди ал.

Коноктор өздүк курамга кылмыштуулук менен күрөшүүдө бай тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар, «Генерал болууну эңсебеген жоокер — жоокер эмес дегендей» ар бир кызматкер өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарса, элине кызмат кылса сөзсүз ийгиликтерге жетише тургандыгын белгилеген.

Жыйындын соңунда Ош облустук милициясынан башчысы Жеңишбек Жоробеков генералдарга өздүк курамга акыл-насаатарын айтып, бай тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар райондордо улантыла тургандыгын убадалаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>