Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Мирзиеев: Быйыл 11 млрд доллар инвестиция өздөштүрүлөт
28.02.2023 | 16:23
Өзбекстанда 2023-жылы соңку беш жылдагы жалпы инвестициянын көлөмү 42 млрд долларга жетет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиеев 27-февралда өткөн жыйын учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы жылдары Өзбекстанга 31 млрд өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. Аны өздөштүрүүнүн натыйжасында соңку беш жылда өнөр жай өндүрүшү 1,4 эсеге, экспорт 1,5 эсеге көбөйгөн.
Быйыл 11 млрд доллар түз инвестицияны өздөштүрүү пландалууда. Бул өлкөдөгү жалпы инвестициянын көлөмүн 42 млрд долларга чыгарууга жол ачат.
Мирзиеев экономиканын туруктуу өсүшү үчүн жакынкы беш жылга өндүрүштү 1,5 эсеге көбөйтүп, экспортту 30 млрд долларга жеткирүү максаты коюлганын айтты. Бул үчүн 120 млрд доллар инвестиция, анын ичинде 70 млрд доллар чет элдик инвестиция зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар