Талас: «Кадастр» мекемесинин кызматкерине кылмыш иши козголду

Талас: «Кадастр» мекемесинин кызматкерине кылмыш иши козголду

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас облусундагы Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталган.

«Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен», — деп билдирет УКМК.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмалоо) боюнча кылмышы иши козголуп, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н.ге айып тагылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланып, аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>