Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Чек арадан электрондук тамеки ташыган жаран кармалды
28.02.2023 | 22:22
Кыргызстандан Казакстанга документтери жок 90 миллион теңгелик электрондук тамекилерди алып өтүүгө аракет кылышканын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга караганда, 27-февраль күнү Казакстандын Чек ара кызматы тарабынан Жамбыл облусунун Карасуу автожолунда чек ара көзөмөлү учурунда 10 миллион теңгеге жакын суммадагы электрондук тамекилердин ири партиясын алып келүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалган.
Кармалган адам мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом