Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти
Бишкекте “Ак калпак күнү” белгиленет
02.03.2023 | 17:51
Бишкек шаарында, 5-март күнү, Улуттук тарых музейинин алдында кыргыздын улуттук баш кийими “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара аталган министрлик жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулууда.
“Иш-чара саат 10:00дө Тоголок Молдо менен Чүй проспектисинин кесилишинен “Ала-Тоо” аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү менен башталат. Иш-чаранын алкагында ак калпактардын көргөзмөсү уюштурулуп, “Манас” айтылып, жаш акындардын мекенге жана ак калпакка арналган ырлары окулуп, төкмө акындардын катышуусу менен кыргыз ак калпагы даңазаланат”, – деп билдирет министрлик.
Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:30да башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом