«100 китеп»: Министрлик окуучуларга Каныбек Иманалиевдин китебин окууну сунуштады

«100 китеп»: Министрлик окуучуларга Каныбек Иманалиевдин китебин окууну сунуштады

Билим берүү жана илим министрлиги ар бир мектеп окуучусу окуп, биле жүрүүсү керек болгон 100 китепти сунуштады.

Министрлик белгилегендей, аталган чыгармалар мектеп окуучуларынын окурмандык маданиятын калыптандыруу максатын көздөгөн «100 китеп» долбоорунун алкагында түзүлгөн.

«Дүйнөлүк деңгээлдеги шедеврлер менен бирге тизмеде мектепте окуу үчүн улуттук адабияттын мыкты үлгүлөрү камтылган», — деп белгилейт министрлик.

Белгилей кетсек, бул тизмеде жаңы билим берүү министри болгон Каныбек Иманалиевдин «Саякбай» аттуу эссеси бар.

Фольклордон:

1.“Манас”

2.“Семетей”

3.“Сейтек”

4.“Кожожаш”,

5. “Эр Төштүк”

6. “Эр Табылды”

7.“Курманбек”,

8.”Жаныш-Байыш”

9.“Жаңыл Мырза,

10.“Тайлак баатыр”

13. Кыргыз элинин макал-лакаптары, табышмактары жана жаңылмачтары

14. Кыргыз эл жомоктору жана уламыштары

Акындар поэзиясынан:

15. Уламышка айланган акындар (Асан Кайгы, Жээрен чечен, Токтогул, Кет Бука) жыйнагы

16. Мурас ( Калыгул, Арстанбек,Молдо Кылыч) жыйнагы

17. Молдо Нияз, казалдар, ырлар, айтымдар

18. Токтогул Сатылганов, санат-насыят, үлгү ырлары

19. Жеңижок, ырлар, дастандар жыйнагы

20. Тоголок Молдо, ырлар, поэмалар, тамсилдер жыйнагы

21. Барпы, ырлар жыйангы

22. Нур Молдо, ырлар, айтымдар

Кыргыз романдарынан:

23. Токомбаев Аалы, “Таӊ алдында” романы жана ырлар, поэмалары

24. Абдукаимов Узакбай, “Майдан” (роман)

25. Айтматов Чынгыз, “Кыямат”, “Кылым карытар бир күн”, “Тоолор кулаганда” романдары

26. Даникеев Өскөн, “Көкөй кести” аӊгемелери

27. Жантөшөв Касымалы , “Каныбек” романы

28. Жакыпбеков Ашым, “Теӊири Манас” эпикалык романы

29. Жусупов Кеңеш, “Ата Журт” роман-эссе

30. Байтемиров Насирдин, Тарых эстелиги” романы

31. Каимов Касым, “Атай” романы

32. Касымбеков Төлөгөн “Сынган кылыч”

33. Өмүрбаев Сагындык, “Телегей” романы

34. Сыдыкбеков Түгөлбай, “Көк асаба” романы

35. Элебаев Мукай, “Узак жол” романы

36. Акматов Казат –“Мезгил” романы

37. Станалиев Самсак, “Касым Тыныстанов” романы

38. Самсак Станалиев, “Чыӊгыз Айтматов” романы

39. Эсенкулов Шакин , “Кожомкул” романы

40. Жусуев Сооронбай, “Курманжан датка” романы

41. Иманалиев Каныбек, “Шабдан хан” романы

42. Стамов Асанбек, “Хан Тейиш” романы

43. Жетимишов Сейит, “Эл арасында” романы

44. Осмоналиев Качкынбай, “Көчмөндөр кагылышы” романы

45. Субанбеков Тойчубай, “Эр Садыр” романы

46. Арслан Койчиев,”Мисмилдирик”романы

Кыргыз повесттери жана аӊгемелери:

47. Айтматов Чынгыз, “Бетме-бет”, “Жамийла, “Саманчынын жолу” повесттери

48. Баялинов Касымалы, Көл боюнда” повести жана аӊгемелери

49. Даникеев Өскөн, “Кыздын сыры” повести

50. Жантөшев Каныбек, “Эки жаш” повести

51. Сыдыкбеков Түгөлбай, “Акылман куудул”

52. Касымбеков Төлөгөн, Адам болгум келет”

53. Саспаев Аман, “Татым туз” ж.б. аңгеме, повесттери

54. Мавлянов Жунай, Нан” ж.б. аӊгемелери

55. Гапаров Мырза, “Кыштакча”, Эки ирет гүлдөөчү алмалар” жана аӊгемелер

56. Абакиров Мелис, “Алчалуу бак” повести

57. Акматов Казат, “Мунабия” повести

58. Жусубалиев Кубатбек, “Күн автопортретин тартып бүтөлек” повести

59. Раев Султан, “Күн кармаган бала” повести

60. Токомбаев Аалы, “Жараланган жүрөк”, повесттер жана уламыштар

61. Сооронбаева Зуура, “Астра”, “Чоочун киши” повесттери

62. Стамов Асанбек, үч мээрим” повести

Ырлар жана поэмалар:

63. Абылкасымова Майрамкан, “Эстелик сүйлөйт”

64. Бөкөнбаев Жоомарт, “Ажал менен Ар-Намыс”

65. Дүйшеев Шайлообек, “Кайдыгерлик”

66. Кожомбердиев Турар, “От өчпөгөн коломто”

67. Мамытов Жолон, Жүз жашка тол, кылым” жыйнагы

68. Ибраев Эсенгул – ырлары

69. Маликов Кубанычбек,“Балбай”

70. Өмүрканов Анатай – “Чолпонбай” поэмасы

71. Осмонов Алыкул, “Көл толкуну”жыйнагы

72. Рыскулов Акбар, “Дүйнөлүк жүк” поэмасы

73. Сарногоев Байдылда, “Ашуудан берген отчётум” жыйнагы

74. Султанов Омор, ырлар жана поэмалар (“Сен жөнүндө поэма”)

75. Токтомушев Абдрасул, “Какшаалдан кат”

76. Турусбеков Жусуп, “Энем” поэмасы,

77. Тыныстанов Касым, “Жаңыл Мырза “поэмасы

78. Үмөталиев Темиркул, ырлар, “Кубат” поэмасы

79. Эралиев Сүйүнбай, “Ак мөөр”,“Кесир инсан” поэмасы

80. “Азыркы кыргыз поэзиясы” (Кыргыз адабиятынын он томдугу, 8-том)

Кыргыз драматургиясынан:

81.Абдумомунов Токтоболот, “Абийир кечирбейт”

82. Байжиев Мар, “Төрт адам”

83. Жакиев Бексултан, “Атанын тагдыры”

84. Садыбакасов Шатман, “Ак боз ат”

85. Турусбеков Жусуп, “Ажал ордуна”

86. Садыков Жалил, “Айкөл Манас”

Кыргыз сатирасынан:

87. Алыбаев Мидин, сатиралары

88. Шүкүрбеков Райкан, термелери.

Кыргыз фантастикасынан:

89. Сартов Беганас, “Мамыры гүлдөгөн маалда”

90. Эсенкожоев Кусейин, “Үчүнчү шар”

Кыргыз публицистикасы жана эссе:

91. Абдраманов Шабданбай, “Полот хан”

92. Байгазиев Советбек, “Иниме кат”

93. Иманалиев Каныбек, “Саякбай” (эссе)

94. Матисков Абдыламит, “Кыргыз өӊү Чокморовдун өӊүндөй” (эссе)

Балдар адабиятынан:

95. Асаналиев Байтемир, “Балдар неге күлүштү?”

96. Жунушев Каныбек, “Күн дүйнө”

97. Кыдыров Абзий, “Балдарга базарлык”

98. Самудинов Токтосун, “Чаӊ баспасын сөздөрдү”

99. Шүкүрбек Бейшеналиев, “Мүйүздүү козу”

100. Рысбаев Сулайман, “Бала бойдон калба” повесть

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>