Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Бишкекте чет элдикти шакаба кылган пранкер айыпка жыгылды (видео)
02.03.2023 | 17:21
Бишкекте чет элдик жаранды шакаба кылган жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттук отурум 1-мартта болгон. Сот О.А. аттуу жаранды Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 5,5 миң сом айып пул салынган.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги жер төлөө өтмөгүндө чет элдик жаранга тийишип, шакаба чеккен жарандын видеосу тараган.
Милиция чет элдикке тийишкен О.А. аттуу жаран кармап, тергөө кызматына жеткирген.
Милиция кармагандан кийин аталган жаран видеокайрылуу жасап, чет элдик жарандан жана коомчулуктан кечирим сураган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз