Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөт
Алты жылга кесилип, абакта төрөгөн аял бошотулду
03.03.2023 | 20:26
Бишкек шаардык соту абакта төрөгөн Аида Исакованы камактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта адвокат Канат Хасанов билдирди.
Ал соцтармактагы баракчасына жазгандай, жазаны аткаруу мөөнөтүн Исакованын төрөгөн баласы жашы жеткенге чейин жылдыруу бөлүгүндө өзгөртүлгөн.
Буга чейин социалдык тармактарда соттолуп жаткан аялдын наристеси менен сүрөтү тараган. Жактоочунун айтымында, 2022-жылдын декабрында Свердлов райондук соту аны алдамчылык үчүн алты жылга эркинен ажыраткан.
15-февралда борбор калаанын СИЗОсунда аял төрөгөн. Ал андан тышкары дагы алты баланы тарбиялап жатат.
Сүрөт коомчулукта резонанс жаратып, колдонуучулар айыпталуучуну камактан бошотууну жана кечирим берүүнү талап кылышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар