Москвада Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуктуСадыр Жапаров ЖККУ жыйынында: Кыргызстан жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулатКлиматтын өзгөрүшүн КРнын мектеп программаларына киргизүү сунушталууда — долбоорКыргызстан менен Өзбекстан картошканы үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашты12-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылат
Садыр Жапаров «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды
03.03.2023 | 20:50
Президент Жапаров бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу өлкө башчынын катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты. Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат