Интимдик мүнөздөгү видео менен акча талап кылган киши колго түштү

Интимдик мүнөздөгү видео менен акча талап кылган киши колго түштү

Компроматтар камтылган видеону таратам деп коркутуп, акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февраль күнү милицияга  борбор калаанын тургуну (аял киши) кайрылып, акча талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган. Тактап айтканда, белгилүү бир адам, интимдик мүнөздөгү видео жана фотосүрөттөр камтылган компроматтарды таратам деп коркутуу менен дайыма акча каражатын талап кылып, 140 миң сомго жакын акча каражатын буга чейин бөлүп алып койгондугу көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 2023-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү ижарага берилген батирлердин биринен 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү адам кармалган.

Кылмышка шектүү жаранга карата өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда белгисиз үлгүдөгү тапанча жана ыкчам топтун кызматкери деп көрсөтүлгөн түшүнүксүз ЖЧКнын (жоопкерчилиги чектелген коомдун) күбөлүгү табылып алынган.

Кармалган жарандын өздүгүн тактоодо, ал мурда уурулук, мал урдоо жана каракчылык кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн соттолгон, 1995-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Р.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмыш фактысы боюнча тергөө иштери улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: шанташ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>