Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бүгүн түнү Бишкекте жылуулук берүү өчүрүлөт
10.03.2023 | 21:01
Бишкекте бүгүн түнү, 11-мартта жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.
Мэрия кошумчалагандай, бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылдын 10-мартындагы №53 жарлыгына борбор калаада 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилин жакынкы аралыкта бүтүрүү боюнча кол койду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом