Бишкек шаарынын башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлдуБишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулатЕӨБ Кыргызстанга электр түзүмүн өнүктүрүү үчүн 61 миллион евродон ашык каражат бөлөтМурдагы депутат Шайлообек Атазов абактан чыктыӨкмөт жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи реалдуу суроо-талаптан артта калып жатканын моюнга алдыИндияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алынды
Мурат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин орун басары болду
15.03.2023 | 11:52
Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Буга чейин Мурат Осмонов Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.
Дайындоо «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Муниципалдык кадрлар резервине кирүү жөнүндө» буйругуна ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом