Долбоор: Каржы пирамидасын жарнама кылгандар абакка кесилет

Долбоор: Каржы пирамидасын жарнама кылгандар абакка кесилет

Бугүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазага тартууну караштырган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, депуттар тарабынан жактырылды.  Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Шаирбек Ташиев жана Айбек Маткеримов.

Отурумда мыйзам долбоору боюнча талкуу жүрүп, депутаттар тарабынан сунуштар айтылды. Маселен, депутат Дастанбек Жумабеков финансылык пирамида менен алектенген уюмдардын ачылышын чектөө маселесин көтөрүп чыкты.

Ал эми, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Кыргызстанда каржы пирамидаларына байланыштуу кылмыш иштер жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтты.

«Ал эми финансылык пирамидаларга байланышкан кылмыш иштерине токтолсом, 2019-жылы 30, 2020-жылы 31 иш козголуп, жылдан-жылга көбөйүп жатканы байкалууда», – деди.

Соңунда мыйзам долбоорун экинчи окууда 76 депутат колдоп берди.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунда каржы пирамидасын түзгөн шылуундарды гана эмес, аны жарнамалаган таанымал кишилерди да жазалоо сунушталууда.

Сунуштоолорго ылайык, каржы пирамидасын жарнама кылган адамдар айып салуу менен бирге үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Айып пул 20 миң сом болуп каралат.

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2022-жылы 1 миңден ашык адам каржы пирамидалардан жабыр тарткан. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан ашык сумманы түзөт.

Каржы пирамидалар жарандарды 4,8 млн долларга алдап кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>