Жумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду6-декабрга карата аба ырайы
Казакстан: Арыстагы жарылуудан 2 адам каза болду
25.06.2019 | 10:08
Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан 2 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер- министр Аскар Маминдин айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.
Анда айтылгандай, каза болгондордун бири шаар тургуну, бири аскер кызматкери болгон.
Кечээ, 24-июнда Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Түркистан облусуна барып жарылуудан жапа чеккен шаар тургундары менен жолугушкан. Ал кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырган.
Айрым маалыматтарга караганда 30дан ашык адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жаткырылган.
Рубрики: Жаңылыктар