Виктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштү
Тажикистандын Кыргызстандагы элчиси иштен бошотулду
14.01.2020 | 10:02
Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандагы элчисин иштен бошотту. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Тажикистандын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгы менен Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулду.
Сухроб Олимзоданын ордуна Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Назирмад Ализода дайындалды. Ал 52 жашта, дипломаттык кызыматта 2003-жылдан бери иштеп келет.
Белгилей кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул чатактан соң эки тарап бири-бирин айыптаган билдирүү жасашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат