Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Жалал-Абад: Кооптуу аймакта жашагандар жапырт көчүрүлүүдө
29.03.2023 | 20:28
Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар жапырт көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жогору экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүү мезгилдин талабы болууда.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө, алардын басымдуу бөлүгү Сузак жана Базар-Коргон районунда жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар