Талас: Дүкөндөн 230 миң сом уурдап кеткен киши колго түштү

Талас: Дүкөндөн 230 миң сом уурдап кеткен киши колго түштү

Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Оюнчук” аталышындагы дүкөндү чагып кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-март күнү Талас ШИИБне ​ дүкөн ээси ​ арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 11-12-мартына караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Оюнчук” аталышындагы дүкөнүнүн​ ичинен 230000 сом акчасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирген.

Андан көп убакыт өтпөй, ошол эле аймакта уюлдук телефон саткан дүкөндө жалпы баасы болжолу менен 29 миң сомду ​ түзгөн телефондор уурдалганы белгилүү болгон.

Аталган фактылар ​ Талас ШИИБне ​ катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, КРнын кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренеси ​ менен кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБдин жана ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын ​ негизинде, бул кылмыштарга шектүү Кара-Буура районунун, Кара-Сай айылынын 21 жаштагы ​ К.Х. аттуу жаран кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

​ ​

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>